Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кароо, кайтаруу милдетин аткаруучу сакчы, күзөтчү. Эгер зарылчылык туулса, кезмет менен кароол коёбуз (Бейшеналиев). Бирөө кастык кылат деп, Тушунда кароол турчу экен («Манас»). 2. Сакчылык, күзөтчүлүк кызмат же ушундай кызмат орду. Солдат мылтыгын ийнине салып, кароолдо туруп жадагандай аркы-терки көңүлсүз басат (Жантөшев). Кароол карап Сарыбай Күркүрөдү мактанып («Сейтек»). Кара аргымак токулуп, Кароолго шаша жөнөдү («Эл адабияты»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Мээлеп, түздөп атуу үчүн мылтыктын же башка атылуучу куралдын стволуна орнотулган тетик. Чоно таштын үстүндө турган жалгыз кийикти кароолго алды (Каимов). Бала Гүлүс шашпады, Кароолуна кабылтып, Машааны басып таштады («Семетей»). Чару кароолду мелтирей тиктеп, улактын такыр колтугун мээлеп жатты (Осмоналиев).